super.kg logo

Алматыда 25-майдан тартып соода борборлору, коомдук тамактануучу жайлар, мейманканалар иштеп баштайт

 

Алматы шаарында 25-майдан тартып соода-көңүл ачуучу борборлор, кафе-ресторандар иштей баштайт. Бул тууралуу Казакстандын басылмалары шаар акиминин маалымат кызматына таянуу менен жазышууда.

Ага ылайык, 25-майда 500 чарчы метрден чоң болгон объектилер - мейманкана, коомдук тамактануучу жайлар ишке кирет. Мындан тышкары соода үйлөрү, соода борборлору, соода көңүл ачуучу борборлордун ичинде жайгашкан кийим-кече саткан дүкөндөр, сулуулук салондору, химиялык тазалоо жайлары жана ресторандар ишин жүргүзө баштайт. Мындай соода объектилерине саат 23:00гө чейин иш жүргүзүүгө уруксат берилген.

"СПА, фитнес борборлор, көңүл ачуучу жайлар 3-этаптын алкагында ишин баштайт. 3-этап шаардагы эпидемиологиялык абалга карата чечилет.

25-майда коомдук тамактануучу 3100 жай ишин баштайт. Буларга жайкы кафелер да кирет. Коомдук тамактануучу жайды иштеткендер келген кардарлардын отургандагы жайгашуусуна көңүл бурушу керек, ар бир столдун аралыгы 2 метрди түзүп, ар биринде төрттөн ашпаган адам отурса болот. Эгер төрттөн көп киши бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болсо чогуу отурууга уруксат берилет. Коомдук тамактануучу жайлар да саат 23:00гө чейин иштей алат. Азырынча банкет, той жана башка салтанаттуу кечелерди өткөрүүгө, караокелердин иштешине, бильярд жана башка оюн жайларынын иштешине уруксат жок", - деп жазылат маалыматта.

Анда белгиленгендей, бул күндөн тартып шаардагы 393 мейманкана да ишке кирет. Анда 5 миңден ашык адам иштейт. Жалпысынан шаар боюнча 84 миң 200 кишини жумуш менен камсыздаган 3631 ишкана ишин баштайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
18.05.2020. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бишкектечи
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: