super.kg logo
  Саясат  

Партиялык тутумду бекемдөөгө багытталган мыйзам долбоору демилгеленүүдө

 

Жогорку Кеңеште жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жоопкерчилигин күчөтүүгө жана аларды шайлоону ыраатташтырууга багытталган “КРнын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды. Тармактык комитеттин төрагасы Эркинбек Алымбековдун айтымында, саясий партиялардын жергиликтүү шайлоолорго жигердүү катышуусуна кеңири жол ачылып, саясий атаандаштык күчөтүлөт жана партиялар менен шайлоочулардын өз ара байланышы бекемделет.

   

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Мирлан Бакировдун пикиринде, мыйзам долбоору өлкөдө партиялык системди бекемдөөгө багытталган.

  

Ошону менен бирге саясий партиялардын саясий кеңештеринин чечими аркылуу ошол партиядан шайланган жергиликтүү кеңештин депутатын чакыртып алууга да мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү. Ал үчүн саясий кеңеш мүчөлөрүнүн үчтөн бири добуш берүүгө тийиш. Мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: