super.kg logo

Нигериялык хакерлер коронавирус пандемиясынан улам жумушсуз калган америкалык жарандардын акчасын уурдап кетишти

 

Нигериялык хакерлер коронавирус пандемиясынан улам жумушсуз калган америкалык жарандардын жүз миллиондон ашык долларын уурдап кетишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, хакерлер жасалма баракчаларды колдонуп, коронавирус пандемиясынан улам жумушсуздук боюнча жөлөк пул алууга укугу бар америкалыктардын жеке маалыматтарын жана камсыздандыруу номерлерин алышкан. Уурдалган маалыматтарды колдонуп, хакерлер өз алдынча жөлөк пул алууга арыз жазышкан.

Акчаларын уурдаткандардын көпчүлүгү медицина жана билим берүү тармагынын мурдагы кызматкерлери.

АКШда коронавирус пандемиясына байланыштуу 35 миллиондон ашык адам жумушсуз калган. Өлкөнүн Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн аптада 2 миллион 981 миң адамдын жөлөк пул алуу өтүнүчү жөнөтүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
19.05.2020. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан, андан аркысы эмне болуптур? Акчаны уже Банктан наличка снимат этип алышыптырбы? Эң кызык жери ушулда өзү, ошонусунда жазсаңар!
19.05.2020. 06:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
001KG, аларды пентакон мн фсб табып ишти ужэ жапкандыр..
тем более нигерия аларды онойле ккармашатко деймин америкалыктар,,
америкада да менмин деген кучтуу хакерлер...
19.05.2020. 06:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bekbolotabdirasulov, Ошондо буягы "күй" болду дейсиңби?))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: