super.kg logo

Кадамжайда мас абалда 3 адамды сүзгөн жактоочу бир айга камакка алынды

 

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда дөңгөлөк алмаштырып жаткан 3 жаранды сүзүп кеткен жактоочу бир айга камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Н.А. аттуу жактоочу бир айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ушул жылдын 22-апрель күнү болжол менен саат 21:00 чамасында Баткен облусуна караштуу Кадамжай-Айдаркен унаа жолунда Хонда-CRV унаасы Айдаркен шаарынан Кадамжайга бара жатып, дөңгөлөк алмаштырып жаткан 3 жаранды сүзүп кеткен. Натыйжада Кадамжай районунун Жийделик айылынын тургуну 1993-жылы туулган Нурсултан Бөрүбаев окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми П.Д. жана К.М. аттуу жарандар аймактык ооруканага жеткирилген.

Ал эми унааны 1978-жылы туулган айдоочу Н.А. башкарып келе жаткан. Ал жол кырсыкка кабылганда мас абалда экени аныкталган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Маалымат облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкталды.

Айдоочунун баш коргоо чарасын Кадамжай райондук соту 25-апрель күнү карап чыгып, үй камагына чыгарган.

SUPER.KG порталына маркум Нурсултан Бөрүбаевдин жакын досу Эламан Курбаналиевге кайрылып, маркум үйдүн жалгыз уулу экенин артында 2 баласы калганын жактоочу мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылуусун талап кылып жатканын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
19.05.2020. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мурда уй камагына чыгарып жиберген сотту да жоопкерчилиги каралсын
19.05.2020. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмне үчүн үй камагына. Акчасы көп бекен.
19.05.2020. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сот Тажибаев Ильяз жана айыпталуучу, адвокат Алтынбек Нарматов экоо тууган, бололор деп айтылып журот башка сайттарда.
20.05.2020. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ужас адам болгулачы!ал силердин ишинер адилеттуу болгула! Бизде сот прокурор каалагандай иш кылат адвокат мн сотко кошо иш ачыш кк! Досу молодец эркек экен! Аягына чыксын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: