super.kg logo
  Спорт  

Пандемия учурунда Бундеслига кандай өтүп жатат?

 

Эки айдык тыныгуудан кийин немис Бундеслигасы кайрадан старт алды. Бирок футбол жаңы эрежелер менен кайтып келди.

Аларга ылайык, футболчулар оюн талаасына балдары менен чыга албайт, гол киргенин мурдагыдай чогулуп, кучакташып майрамдай алышпайт, оюндун башында кол алышпайт жана башка.

Германия чемпиондугунун 26-туру көп голдор менен кубандырууда.

"Вольсбург" клубу киргизген голдорун бири-бирине муштумун тийгизишип майрамдаса, "Боруссиянын" жаш таланты Эрлинг Холланд киргизген голун бий менен майрамдады. Ошондой эле чыканак тийгизип да майрамдагандар болду.

Ал эми "Бавариянын" оюнчусу Томас Мюллер эрежени эсинен чыгарбай машыктыруучу менен кол алышуунун ордунда аны жөн гана тээп коюуну туура көргөн.

Футболдун көрүүчүлөрсүз өткөнү "Боруссиялык" оюнчуларга салт болуп калгандай трибуналарга келип кол чапканга тоскоол болгон жок. Анткени көрүүчүлөр оюнду онлайн көрүп жатат да.

Эң кызыгы бет кап кийип жүргөн машыктыруучулардын берген көрсөтмөлөрүн футболчулар кантип угуп жатты болду экен?

Ал эми "Боруссия Мёнхенгладбахтын" күйөрмандары футболчуларды өзгөчө тосуп алууну чечишкен. Алар трибуналарга өздөрүнүн сүрөтү чапталган макеттерди отургузуп коюшкан. Мындай чыгармачылыкты футболчулар кандай баалайт азырынча белгисиз.

Жакынкы күндөрү дал ушундай жаңы эрежелерге толгон футболду көрөбүз. Муну Бундеслига өз үлгүсүндө көрсөттү. Көзгө өөн учураганы менен ден соолукка коопсуз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: