super.kg logo

Нарын облусунда сутка ичинде 11 жарандан коронавирус аныкталып, көбү күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери экени айтылды (видео, хронология)

 

Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу бүгүн, 19-майга карата жаңы маалыматтар берилди. Онлайн түрүндө өткөн брифингге саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев келди.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-05-19 10:31

Суроо: Обсервациялардан чыккандардын ден соолугу жакшы дегенге ишенсе болобу жана баары текшерүүдөн өтүшкөнбү?

Жооп: "Обсервациядагыларга лабораториялык изилдөө жасалып, кайрадан текшерүүлөр жүргүзүлөт. Бул обсервациянын талаптары. Анткени ушул ыкма менен вирустун жайылуусун алдын алабыз".

2020-05-19 10:23

Суроо: Чет өлкөдөн көптөгөн жарандарды алып келүү пландалууда. Алар дагы обсервациядан чыгаргыла деп чырдаса чыгарып жибереби?

Жооп: "Бул жерде министрликтин алгоритмине ылайык иш жүргүзүлөт. Обсервацияда жаткандар талаптарды аткарышы керек. Соль-Илецктен келгендерге туура эмес маалыматтар жеткендиктен, чыр чыкты. Биз түшүндүрүү иштерин жүргүздүк.

Белгилей кетсек, министрлик тиешелүү текшерүүлөрдөн кийин гана обсервациядагы жарандарды чыгарат. Жарандар обсервациядан чыккандан кийин дагы үй карантиндик шартында болушат. Эгер талаптар бузулса чара көрүлөт".

2020-05-19 10:18

"Бүгүнкү күнгө карата Нарында коронавирус аныкталган бейтаптардын 8и күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери. Алар текшерүүгө алынып, тиешелүү иштер аткарылып жатат", - деди Үсөнбаев.

2020-05-19 10:15

Стационарларда 331 бейтап жатат, анын ичинен 12 жарандын абалы оор деп бааланып, бешөө жандандыруу бөлүмүндө жатат.

2020-05-19 10:11

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми стационарлардан 7 медкызматкер сакайып чыкты.

Республика боюнча COVID-19 диагнозу жалпы 257 медициналык кызматкерден аныкталып, алардын ичинен 219 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

2020-05-19 10:10

Санкт-Петербургдан алып келинген мекендештердин арасында аскердик окууда жүргөндөр дагы бар. Бүгүнкү күндө алардын ичинен коронавирус жуктуруп алгандар бар экени тастыкталды.

2020-05-19 10:07

Сутка ичинде коронавирус аныкталган бейтаптар буга чейин ооругандар менен байланышта болгондор.

2020-05-19 10:04

19-майга карата стационарлардан 71 бейтап айыгып чыкты.

Айыккандар:
Бишкек – 55;
Жалал-Абад облусу – 11;
Нарын облусу – 2;
Баткен облусу – 3.

Жалпы 898.

2020-05-19 10:03

Сутка ичинде 27 жарандан коронавирус аныкталды. Алар:

Бишкек шаары – 6 (+1 Санкт-Петербург шаарынан келгендерден);
Чүй облусу - 3 (Соль-Илецк шаарынан келгендерден);
Нарын облусу - 11;
Ош облусу - 6.

Жалпы 1 миң 243.


кошулду
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.05.2020. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
дары табылды деп жатты елего алар не болду табылдыбы же жокбу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: