super.kg logo

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери жоголуп кеткен эки жашар баланы ата-энесине таап беришти

 

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жүрүп, жоголуп кеткен эки жашар баланы ата-энесине кайтарып беришти.

Маалыматка ылайык, Ананьево айылында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү учурунда, айылдын көчөлөрүнүн биринде кичинекей бала ыйлап жатканын кызматкерлер көрөт. Милиция кызматкери анын жанына келип, баланы сооротуп, наристеден кайсы жерде жашаганын билүүгө көргөн аракети эч бир жыйынтык берген эмес.

"Кызматкерлер көчөдөн өтүп жаткан адамдардан баланын болжолдуу дарегин билип, сураштырып жатып, баланын чоӊ атасын табышкан. 68-жаштагы Ж.К. үй тиричилик менен алектенип жатканча, эки жашар небереси көчөгө чыгып, адашып кеткен. Белгилеп кетсек, аралыктан окууга байланыштуу жана жайкы каникулдардын жакындашы менен Ысык-Көл РИИБи тарабынан өспүрүмдөр арасында коронавирус оорусуна чалдыкпоо максатында түшүндүрүү иштери күчөтүлүүдө. Ысык-Көл району облустун ири аймагы болуп эсептелгендиктен, район секторлорго бөлүнүп, графиктин негизинде райондук милициянын өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын 9 тескөөчүсү жана 13 милициянын аймактык өкүлдөрү түшүндүрүү иштерин алып барышууда.

Жүргүзүлгөн иштер көрсөткөндөй, аралыктан окуу мезгилинде айрым өспүрүмдөр көчөдө жүргөндүгү такталды. Кечки жана түнкү мезгилде 26 өспүрүм мыйзамдуу өкүлдөрү жок көчөдө жүргөнү аныкталды. Аларга жана ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: