super.kg logo
  Саясат  

БШКнын төрайымы депутатка: "Биз мыйзамды аткарып жатабыз, үйрөтпөсөңүздөр"

 

Бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында парламентке өтүү үчүн босоголук чекти 5 пайызга төмөндөтүү мыйзам долбоору каралып жатат.

Депутат Кенжебек Бокоев Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабековага кайрылды. "7 пайыздык босого чегин колдойбуз деп айтып кеттиңиз. Мурун өзүңүздүн сүйлөгөн сөзүңүздө жол-жоболорду өзгөртпөй туруп шайлоого барабыз деп айттыңыз эле", - деди депутат.

Нуржан Шайлдабекова: "Кенжебек Сатымкуловичке, Исхак Абсаматовичке (ред. Исхак Масалиев) кайрылып кетет элем, менин сөздөрүмдү каалагандай чечмелебеңиздер. Биз сиздерге мурда киргизилген мыйзамдар кандай таасир этти деген анализди толугу менен жасап бердик. Чечим кабыл алуу сиздердин укугуңуздар", - деди.

Бокоев: "Сиз элдин астында мыйзамга өзгөртүү киргизбестен, келерки шайлоого ушул систем менен барабыз деп айтпашыңыз керек. Сиздер мыйзамдарды так аткаруу менен шайлоолорду өткөрөбүз деп айтышыңыздар зарыл", - деди.

Шайлдабекова: "Биз мыйзамды аткарып жатабыз, үйрөтпөсөңүздөр", - деп жооп берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: