super.kg logo

Министрдин орун басары брифинг учурунда тактоо үчүн кайталанып берилген суроого ачууланып кетти

 

Соль-Илецктен келген 541 жарандын ичинен бүгүнкү күндө 101 адамдан коронавирус аныкталды. Алар эпидемиологиялык абал начар болгон аймактан жана транспорт каражаты менен келгендиктен, коронавирусту жуктуруп алуу тобокелчилиги жогору болгон. Мындан улам Соль-Илецк шаарынан келген жарандарды обсервацияга жайгаштырып, кайрадан кайталап алынган анализдери таза чыкмайынча, обочолонгон шартта кармап туруу чечими кабыл алынган. Бул туура чечим болгон дейт саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде.

"Учурда Соль-Илецктен келгендерден 19 жаран обсервацияда калды. Алар оору аныкталган бейтаптар менен байланышта болгондор.

Ал эми кайталоо анализи терс жыйынтык берген жарандар, мындан тышкары Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынан дарыланып чыккан 58 жаран үй карантинине чыгарылды. Бул жарандар анкета толтурушуп, үй карантиндин шарттарын сактоо милдеттенмесине кол коюшту. Ошондой эле кайсы жерде жүргөндүгүн көзөмөлдөө үчүн уюлдук телефонуна мобилдик тиркеме орнотулду. Бардык маалыматтар жер-жерлердеги медициналык мекемелерге жана ички иштер башкармалыгына жиберилди", - деди министрдин орун басары.

"Ошондо Соль-Илецктен келгендердин ичинен үй карантинине чыгарылгандардын саны 421 болдубу же 479 болдубу?" деген тактоо иретинде кайталанган суроо берилди. Бул учурда министрликтин өкүлүнүн ачуусу келип: "Дагы бир жолу кайталап айтайын, үй карантинине 479 жаран чыгарылды", - деп жооп берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.05.2020. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жини келет да, кайра кайра эле бир суроону бере берсе. Буларды деле түшүнүш керек. Күнүгө бут элдин алдында отчет берет. Эми айткан сөзүн кайра сурашат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: