super.kg logo

1 саатта 1 адам көз жумууда. Бразилия коронавирустун экинчи эпидемиологиялык борборуна айланды

 

"Менин эмне кылуумду каалап жатасыңар?". Өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын саны көбөйүп кетиши тууралуу суроого президент Жаир Больсонару дал ушундай жооп кайтарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ал эми адистердин айтымында, өлкөнү мындан да жаман эпидемиологиялык абал күтүп жатат.

"Рио-де-Жанейро жакынкы арада бразилиялык Нью-Йоркко айланат. Перунун кээ бир аймактарында саатына 1 адам вирустан каза болуп жатат", - деп жазылат маалыматта.

12-май күнү медициналык кызматкерлер вирустан көз жумган кесиптештерин эскеришти. Алар халаттарынын артына каза болгон кызматкерлердин ысымын жазып алышкан. Өлкөдө 109 медицина кызматкери өз кызматын аткарып жатып каза болгон.

Ошол эле күнү өлкө бийлиги сутка ичинде 881 адам вирустан көз жумганын айтып чыкты.

1 апта ичинде өлкөдө 96 миң адамдан вирус аныкталган.

Расмий маалыматтарга ылайык, өлкө боюнча 255 миң адамдан коронавирус аныкталган, алардын ичинен 100 миң адам айыгып чыгып, 16 миң 856 адам көз жумган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: