super.kg logo

Бишкекте терминалды талкалап, акча уурдамакчы болгон шектүү кармалды

 

Бишкек шаардык милиция кызматкерлери терминалдан акча уурдоого аракет кылган шектүүнү кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-май күнү саат 06:30 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө Орозбеков көчөсүндө жайгашкан терминалды белгисиз адамдар ачууга аракет кылгандыгы боюнча маалымат түшкөн. Э.А. аттуу жаран терминалдан акчаны жашыруун уурдоого аракет кылган белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

"Биринчи Май РИИБинин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге дароо келишкен. Шектүүлөр терминалдын 3 миң 500 сомдук дискин сындырып, капкагы бузулган. Натыйжада жалпы суммасы 10 миң 500 сомдук материалдык зыян келтирилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Шектүү катары 1996-жылы туулган М.Я. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.Териштирүү иштеринде шектүүнүн жанынан балка табылган. Ал аны менен терминалды ачууга аракет кылган. Учурда шектүү борбордогу ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар же жогу териштирилүүдө", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: