super.kg logo

АКШ коронавируска каршы вакцина адамдарда ийгиликтүү сыналганын жар салды

 

АКШдагы "Moderna, Inc." клиникалык-биологиялык компаниясы 18-май күнү mRNA-1273 вакцинасын адамдарга сыноонун биринчи этабын ийгиликтүү өткөнүн жар салды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, сыноого катышкан адамдардын сегизинен коронавирустун жайылып кетүүсүн чектөөгө алган антителалар табылган. Мындай антителалар Covid-19 менен ооруп, айыккандарда гана болору аныкталган.

Вакцинаны адамдарда массалык түрдө сыноо июль айында башталат. Жогоруда аты аталган компания алгачкылардан болуп дарыны адамдарда сынай баштаган.

Изилдөөлөр ар кандай жаштагы адамдардын топторунда жүргүзүлгөн. Алар 25, 100 жана 250 микрограммдан дары алышкан. 43 күндөн кийин дарыны колдонгон адамдардын дээрлик баарында вируска каршы антителалар табылган. "Аталган препарат өзүн коопсуз жана көпчүлүк көтөрө ала тургандыгын көрсөттү", - деп билдиришкен компаниядан.

Бир гана адамда дары сайылган жери кызарып чыккан, бирок көп өтпөй ал өзү эле кетип калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
19.05.2020. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эх кандай керемет , иншАллах чип болбосун обычный эле вакцина болсо экен .Жашоо баштагы калыбына келип адамдар жакшы жака өзгөрүлсө экен .Жаратылышты да сактайлы , жаратылыш да көп балекеттерди алдын алат .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: