Жакында эле коронавирустан айыккан англиялык футболчу зордуктоого шектелип кармалды
Жакында эле коронавирус инфекциясынан айыгып чыккан Англия курамасынын жана лондондук "Челси" футболдук клубунун 19 жаштагы жарым коргоочусу Каллум Хадсон-Одои зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Лондондогу "Тез жардам" кызматына футболчунун батиринен өзүн начар сезип жаткан айым чалган. Дарыгерлер келген учурда ал айым футболчу күчкө салып зордуктаганын айткан. Окуя болгон жерге полиция кызматкерлери чакыртылып, футболчу кармалган.
Эске салсак, 19 жаштагы футболчудан 12-мартта коронавирус инфекциясы аныкталган. 21 күндөн кийин, тагыраагы 2-апрелде футболчу бул илдеттен айыкканын айтып чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.