super.kg logo

Япониянын дүкөндөрүндө ундун жетишсиздиги байкала баштады

 

Япониянын дүкөндөрүндө ундун жетишсиздиги байкала баштады. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазышууда.

"Изоляция шартында отурган айымдар үй-бүлөсүнө кулинардык шедеврлерди жасап берүү менен өздөрүн алаксытып келишет. Айрыкча кондитердик азыктарга болгон талап күчөгөнүн "Курасиру" деп аталган рецепттер сайтынын ээси билдирген. Анткени аталган сайтта март айынан бери таттуулардын рецепттерин издөөлөр 2-3 эсеге көбөйгөн. Карантинде үйдөн тамак жасоо күч алды. Буга байланыштуу дүкөндөрдө ун бат түгөнүп жатат. Учурда көпчүлүк дүкөндөрдүн текчелеринде ун жок же аз эле калган. Мындан улам жарандар арасында дүрбөлөңгө алдыргандар да бар. Бирок Япониянын Айыл чарба министрлиги япон элин чууга алдырбоого чакырып, ундун камы жетиштүү экенин билдирген", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: