super.kg logo

Бузулук шаарында мекендештердин жанында жүргөн ырчы Гүлзат Мамытбек: "Элчиликтен элге бир да жардам болгон жок" (маек)

 
Батирдин ээси кууп чыккан кош бойлуу келин.
7 айлык баласы менен бир келин унаада жашап келет.
Палатканын ичинен көрүнүш.
Бут кийимдери суу болуп калганда минтип отко кургатып алышат.

Учурда Оренбург облусундагы Бузулук шаарында талаада калып, мекенине келе албай жаткан Кыргыз жарандарынын жанында жүргөн ырчы Гүлзат Мамытбек SUPER.KG порталына жеринен маалымат берип, элдин оор турмуш кечирип жатканын айтып берди.

- Гүлзат айым, саламатсызбы? Бузулук шаарында абал кандай? Эл кандай шартта күн кечирүүдө?

- Мен 2-3 күндөн бери Оренбург облусунун Бузулук шаарында Кыргыз өлкөсүнө бара албай жаткан мекендештерибиздин жанындамын. Мекендештерибиз такыраган жерге келип конушкан экен. 3-4 күндөн кийин Оренбург облусунун губернатору келип, чатырларды тигип бериптир. Биздин Орусиядагы элчилик эч нерсе кылган да, жардам да көрсөткөн жок дешти. Чатырларда жерде жатпагыла деп керебет, матрацтарды Оренбургдун губернатору, жергиликтүү мусулман калк: татар, дунган эли Рамазан айында кайрымдуулук кылып, алып келип беришиптир. Ошондой эле тамак жасаганга деп отундарды жеткирип, азык-түлүк берип жатышат. Элден айланса болот, биздин мекендештерден демөөрчүлөр да күнүмдүк азык, керектүү каражаттар менен камсыз кылууда.

- Буга чейин Орусиядагы элчиликтен "Оренбург облусунун жетекчилигинин, кыргыз диаспорасынын жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен Кыргыз жарандарын азык-түлүк менен камсыз кылуу маселеси чечилди" дешти эле...

- Мен бул жактагылар менен аралашып жүрөм. Элчиликтен эч ким келип, кабар алган жок. Ал эми кыргыз диаспорасынан келип эле карап, кетип калышты. Алардан эч кандай жардам болгон жок деп бул жактагы мигранттар айтып жатышат.

- Учурда ал жакта канча адам бар? Канчасы кош бойлуу аялдар?

- Учурда жалпы 560 адам бар экен. Анын арасынан 25 аял кош бойлуу, беш-алтоо ай-күнү жетип калыптыр. Талаада төрөп калчудай болуп жатат. Эркайым деген айымды батирине акча төлөй албай калгандыктан кош бойлуу экенине карабай кууп чыгыптыр. Жолдошу экөө аргасыздан элге кошулуп бул жакка баса берген. Эркайым бул жактын суугунда жайкы жеңил бут кийим менен жүрөт. Дагы бир аял 7 айлык баласы менен суукта күн кечирип жатат. Айдоочулардын бири аларга унаасын бошотуп бериптир. Алар унаада жашап жатышат. Чынында азыр элдин абалы оор.

- Элчиликтен мекендештерди алып келүү маселеси каралып, тизме такталып жатканын айтышты. Качан мекендештерди алып кетишет экен, айтылган жокпу?

- Аялдарды биринчи алып кетебиз деп жатышат. Буга эл каршы, мен да туура эмес деп ойлойм. Баарын бир коридор менен алып кетиш керек. Бул жакта үй-бүлөлүү адамдар көп. Алардын аялдарын алып кетишсе, эркектери калып кетчүдөй болуп жатат. Азыр 200гө жакын адамды Кыргыз өлкөсүнө чартердик каттам менен учуруу үчүн автобус менен алып кетишти. Бизге башка маалымат беришкен жок.

- Бизге жеринен берген маалыматыңыз үчүн рахмат! Мекендештерибиз ийгиликтүү Кыргыз өлкөсүнө келип алат деген үмүттөбүз.






Бузулукта калган мигранттар

Бузулуктагы аялдарды алып кетишти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(15)
20.05.2020. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Элчилик да бийлик менен табакташ
20.05.2020. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гульзатка ыраазы болуп калдым. Жаман корчу элем.кайттым Ошо созумон
20.05.2020. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гүлзат тууганчыл, мекенчил кыз дайыма кыргызды көтөрүп сүйлөйт азамат өмүрү узун болсун.
20.05.2020. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эмне эле болуп жатышат ар ким озун эле ойлоп Кыргызстан аран зоорго ооруну токтотуп калыштын амалын тапай жатса тообекелчиликтин эмне кереги бар эле. Кичине чыдап отуруп турушса болот ко.Казактарды да туура тушунуш керек 30-40км коридор болсо да бир жон эн аз дегенде 2000км.Же барып алып карантинде жон жатпастан чыр салышып.
20.05.2020. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Оой, ушулар дуйного таанытмай болду. Биздин туугандар деле Россияда жатышат, унчукпай эле, догурунбай эле. Буларды бироо кыйнагансып. Карантиндин 2-айы отуп атат, чыдаган жаны чыдап эле турушпайбы, же эртерээк ойлонуш керек болчу да. Кантип эле, кууп чыкканына деле ишенбейм. Тимэле догурунушат да.
20.05.2020. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А как Гульзат туда попала?
20.05.2020. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бийлик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп бүткөндөн кийин Гулзат айым келип кошулуптур. Ассоль Молдокматова жазлы го бүгүн. Бир күндө буто калчу иш эмес экен да. Көп сүйлөшүүлөр болот экен баарын чечкенге. Гулзат хайп жаратып журот экен. Бирок чын эле кыйкырып, истерика кылып дүйнөгө уят кылды. Цивилизованно кайрылуу жасаса болот эле да
20.05.2020. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Aimani,ушуга окшогондор хайп топтоп атышат да кур кыйкырык менен
20.05.2020. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Гулзатка кандай адамдар тушунуп ыраазы болушат тушунбойм. Суротту коруп орустардын последний герой деген передачасы эске тушту, базар жок.
20.05.2020. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Обу жок эл экенбиз да границага балее барбы же Кр га барып уй булоо тууган урук эл журтка оору жугузбайм деп ким кепил боло алат.Дуйнодо апаат болуп жатса бей баш эл экенибизди корсотуп чыр салып,башка элдер деле журушот унчукпай ,пиярчыларга кудай берди бурч бурчтан кыйкырып.Бийлик эмне кылсын деги,ачкадан эч ким олгон жокко туура тушунсонор болот ко.Баарыбыз кеткибиз келди чыдаш керек апаат буткучо.
21.05.2020. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Маселени мамлекет чечти, аты калды Гүлзатка болдубу ошондо.Бул кыз адатынча кыйкырып жиберип жаш баланы чоочутту го.Тур тура гой кыргызым,жатпай,тур деп дүрбөтүп жөө алып жөнөй бекен деп чочулап аттык эле,жакшы чечилип калыптыр
aika17 түзөттү 2020-05-21 00:03:13
21.05.2020. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Гулзаттын Бир кылган ишин мин киши кыла албайт го дейм... Талаада калган кыргыз туугандарды коруп ыйлагын келет... Булардын баары жашоо учун курошуп жургондор, колдорунда барлар унчукпай калып калышты а жогорудагы адамдардын баары ишсиз акчасыз калгандар,батирден куулгандар!!! Мамлекетибиздин акыбалы кантип кетээр экен, каякка барат экенбиз...
21.05.2020. 04:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Учурдан пайдаланып, өзүн дагы бир жолу пиарлаптыр да баягы обу жок! Барып алып, истерика болуп атат эле. Эч ким жыргап аткан жок азыркы учурда.
21.05.2020. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Saidochka,кыйкырып аткандардын жанына барып катуураак кыйкырышып койду.Даяр хайп!Самалет,же унаа уюштуруп өзү алып чыгып кетсе рахмат дейт элем.
21.05.2020. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул мигранттар мин кыйкырып,ызы чуу салса да жарашат.Олкобуздун экномикасы ушулар которгон акчага кармалып,биз кунумдук жашообузда бай сыяктуу жашап жатабыз.Ырчы чоорчу,саякатчылар деле чыкты го догурунуп алып кет эле алып кет деп,мейманканаларда жашап жатышып.А булардын шартын карагыла байкуш элим(((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: