super.kg logo

Курал Чокоев баш болгон активисттер эл өкүлдөрүнө жарамазан айтып, 140 миң сом "өндүрүштү"

 

Кечээ, 18-май күнү ырчы Курал Чокоев баш болгон чыгармачыл адамдар, активисттер эл өкүлдөрүнүн үйүнө жарамазан айтып, 140 миң сомдун тегерегинде акча "өндүрүштү". Ырчы мырза бул иш-чараны Бишкек шаарынын айланасындагы жаңы конуштарга бекер көчүрмө мектеп куруу үчүн уюштурушканын айтат.

"Алмаз Райимбеков деген активист досума ыктыярчы студенттер бекер англис тили, орус тили сабактарын окуталы деп жатабыз. Бизге жардам бере аласыздарбы деп колдоо сурап кайрылышыптыр. Алмаз аларды колдоп, көчмө мектеп салып берели дептир. Досумдун идеясы мага да жакты. Буюрса, орозо бүткөнчө жарамазан айтып, чогулган акчага мектеп куралы деп жатабыз. Мисалы ал 4-5 ай жаңы конушта иштесе, андан кийин башка конушка көчүп барат. Ошентип ыктыярчылар балдарды бекер окутуп жүрө берет.

"Элден элге" деп аталган бул долбоорду депутаттарга сунуштасак, алар да колдошту. Кечээ Алмаз, Манас Алыкулов, Ирлан Таалайбеков жана башка жигиттер менен жарамазан айтып, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин үйүнө бардык, ал менин салымым болсун деп 500 доллар берди. Андан соң Алтынбек Сулаймановго бардык, ал 100 миң сом кошту. Бүгүн да 2-3 жерге барабыз. Жарамазан бизге жөн гана шылтоо, акчаны алды, берди дегендин ордуна салтты улай, ушундай иш-чараны баштадык. Буюрса, акча чогулуп калса, жайы бою мектепти куруп, күзүндө ишке берели деп жатабыз",
- дейт Курал мырза.






Алтынбек Сулайманов жарамазанчыларга 100 миң сом берди

Жанар Акаев жарамазанчыларга 500 доллар берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.05.2020. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акча ондуруунун бир жолу
19.05.2020. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен да барсамбы Сулайманов акенин уйунун адресин бергилечи
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: