super.kg logo

Министрлик: "Нарын районунда төрөт үйүндө коронавирус чыкканына карабастан оорукананын имараты жабылган жок"

 

Нарын облустук төрөт үйүндө буга чейин коронавирус аныкталган. Буга карабастан төрөт үйү жабылган жок. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев түз эфирде билдирди.

Анын берген маалыматына ылайык, азыркы тапта Нарын районунда жалгыз гана төрөт үйү бар, мындан улам аны толугу менен жаап салуу мүмкүн эмес.

"Азыркы тапта облустук жугуштуу оорулар бөлүмүндө коронавирус аныкталган 13 көз жарган бейтап дарыланууда. Ал эми 2 бейтап изоляцияда гинекология бөлүмүндө жатат. Имараттын 3-кабаттагы төрөт бөлүмү штаттык режимде иштеп жатат. Ал эми корпусту толугу менен жабуу мүмкүн эмес, анткени башка төрөт үйү жок.

Кош бойлуу айымдар эч коркпостон келип көз жара берсе болот. Азыркы тапта дезинфекциялоо иштери жүрүп, бардык эрежелер так сакталып жатат. Эгерде коронавирус аныкталган айым көз жара турган болсо ага өзүнчө шарттар түзүлүп башка бейтаптар менен эч аралашпайт",
- дейт Каратаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: