super.kg logo

"Эки айдан бери эт жей элекпиз". Үч балалуу жалгыз бой эне жардам сурайт

 

SUPER.KG порталына атын жашырууну туура көргөн мектеп жашындагы үч баласы бар жалгыз бой эне жардамга муктаж экенин айтып, кайрылды. Анын айтымында, ага карантинде эч кандай жардам болбой, учурда балдары менен кыйналып жатат.

"Батирде турам, азыркы шартка байланыштуу үч айдан бери батир акчасын төлөй албайм, үч балама айына 800 сомдон жөлөк пул алам. Эч жерде иштебейм, балдарым телефондо бирдиктин жоктугуна байланыштуу онлайн сабакты окуй албай калышты. Мугалимдерге кайрылсам, Мегаком сим-карта алгыла дешти. Сим-карта эмес, күнүмдүк нанга акча таппай жатабыз.

Балдарымды мектептен көчүрбөй коёт деген санаа түн уйкумду бөлөт. Жумуш жок, болгон күнү деле кантип барып иштейм, билбейм. Өлбөстүн күнүн көрүп жашап келебиз. Чындап келсе, эки айдан бери эт менен тамак иче элекбиз. Бул кыйналган күндөр өтүп, жакшы жашоо келет деген үмүтүм зор", - дейт жалгыз бой эне.

Жардам берүүнү каалагандар Көк-Жар айылы, Алымбаев көчөсү 54-үйгө же 0(708) 05 07 11 номерине чалып байланышса болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
19.05.2020. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жашоом начар деп журо берген да болбойт. Тилемчилдик көнүмүш адатка айланып кетпесин бизде. Жарамазанды жакыр жашагандар айтат. Жарамазан айтуу жакырчылыктан келип чыккан. Бизде колунда бар артисттер айтып журушот.
erlan2196 түзөттү 2020-05-19 16:29:54
19.05.2020. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
erlan2196,туура . Килендеп алып жарамазан айтышат эркек ырчылар. Анан жалан депутаттарга барышат экен
19.05.2020. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Колунда бар эркектер ушундай жесирлерди 2чи аял кылып алып баксанар болот.
19.05.2020. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
adoi,Анан сооп болот деп, эрге чыга элек кыздарга асылышпасын эркектерин.
19.05.2020. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мегаком бекер эле таратып атат го симкартаны.
19.05.2020. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
jaskaaa, бекер таратканы менен ага акча салсаң анан интернет иштесе керек
19.05.2020. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жардамдар Кай жака кетип жатат озу.Ушундай муктаж жандар калып эле курсагы ток жардамга муктаж эмес адамдар алып жатышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: