super.kg logo

Тарых музейи боюнча соттук отурум. Айыпталуучу Мира Карыбаева суракка алынды

 

Бүгүн, 19-майда Биринчи Май райондук сотунда Кыргыз улуттук искусство музейин оңдоп-түзөө жана Чолпон-Атадагы ат майданды реконструкциялоо боюнча соттук отурум уланды.

Бүгүнкү соттук отурумда сот айыпталуучу президенттик аппараттын жарандык өнүгүү, диний жана этникалык саясат боюнча мурдагы бөлүм башчысы Мира Карыбаеваны суракка алды.

Андан соң аталган жазык иштин материалдарын изилдөөгө өттү. Иш убактысы аяктагандыгына байланыштуу соттук териштирүү 26-май күнү саат 14:00гө жылдырылды.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Тарых музейин оӊдоодо 101 миллион 600 миң сом, ат майданды оӊдоодо 145 миллион 900 миң сом зыян келтирилгени аныкталган. Бул эки кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилип, алар боюнча курулушка тиешеси бар 6 аткаминерге айып тагылган. Алар:

  1. Премьер-министр Сапар Исаков;
  2. Президенттик аппараттын жарандык өнүгүү, диний жана этникалык саясат боюнча мурдагы бөлүм башчысы Мира Карыбаева;
  3. Мамлекеттик курулуштун башчысынын мурдагы орун басары Алмазбек Абдыкаров;
  4. Турак жай жарандык курулуш департаментинин мурдагы башчысы Шайбек Атамбеков;
  5. Шайбек Атамбековдун орун басары Улукбек Матисаков;
  6. "СМУ-3" курулуш компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Айдарбек Мендеев.

Сапар Исаков өз билдирүүсүндө Чолпон-Атадагы ат майданынын курулушун жана Тарых музейин реконструкциялоодо күнөөсү жок экенин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
19.05.2020. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кустургула ,буларды эркелетип алып отура бербей!!!
19.05.2020. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ташиевди президен кылып шайлап алсак бут баарын кустурат
20.05.2020. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куйдурдунор камайсынар алар каалаган шартты тузуп алып жашап жатат, кааласа куйоосу келип сайып кетет, кааласа аялын алдырып жатып коет. Жедиби жооп куссун! Мамлекетке пайдасы тийсин! Мамлекет ага акча болбой! Срок коюп толойсун толобостон астыларын эле деш кк
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: