Кримтөбөл Батукаевдин иши боюнча соттук отурумда мурдагы вице-премьер Шамиль Атаханов суракка алынды
Бүгүн, 19-майда Биринчи Май райондук сотунун имаратында кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум болуп өттү. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүнкү соттук отурумда сот күбө М.Бекенованы суракка алууну улантты, андан кийин күбө Шамиль Атахановду суракка алууга өттү.
Иш убактысы аяктаганына байланыштуу соттук териштирүү 21-май саат 10:00гө жылдырылды.
Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.