super.kg logo

Сооронбай Жээнбеков: "ЕАЭБдин айрым мүчө мамлекеттери буга чейинки макулдашууларды толук аткарбай жатат"

 

"Бүгүнкү шартта Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттер ичинде товарлардын эркин жүрүүсү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн актуалдуу болуп калды" деп билдирди бүгүн, 19-майда президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынында. Бул тууралуу президенттик аппараттын Маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Ага ылайык, мамлекет башчысы Биримдиктин ички бажы аймагындагы тоскоолдуктарды жоюу маселесине көңүл бурган.

"Биринчи керектелчү продукцияларды жеткирүүдө "жашыл коридорлорду" түзүү жөнүндө макулдашууга жетишкенбиз. Ага карабастан, биримдиктин айрым мүчө-мамлекеттери тарабынан көзөмөл күчөтүлүп, азык-түлүктөрдү жеткирүүгө чектөөлөр киргизилүүдө", - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын ыйгарым укуктары жетишсиз болгондуктан, тоскоолдуктарды жоюунун колдо бар механизмдери натыйжасыз болуп жаткандыгына да токтолгон.

"Комиссиянын тоскоолдуктарды жоюу боюнча чечимдери кээ бир мүчө-мамлекеттер тарабынан толук түрдө аткарылбай жатканын белгилөө менен мамлекет башчысы ЕЭК коллегиясына тоскоолдуктарды жойбогондорго карата айып пул санкцияларын колдонуу боюнча ЕАЭБ Сотуна кайрылуу укугун берүүнү сунуштады. Жээнбеков ошондой эле Европадан жана Украинадан Кыргыз Республикасына келе турган товарлар менен жүктөрдүн эркин транзитин камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылды", - деп жазылат маалыматта.

ЖЕЭКтин кезектеги жыйыны бүгүн, 19-майда, видеоконференция режиминде өттү. Кыргыз Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Орусиянын президенттери жана Армения Республикасынын премьер-министри ЖЕЭК мүчөлөрү болуп саналат.

ЖЕЭК жыйынына ошондой эле байкоочу өлкөнүн башчысы катары Молдова Республикасынын президенти катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
19.05.2020. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айрым мучо мамлекеттер дебей эле, казакстан шарттарды бузуп жатат деп эле айтпайбы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: