super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев АӨБнын директорлор кеңешинин делегациясын кабыл алды

 

Бүгүн, 4-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ)  аткаруучу директору Мишелин Окуэн жетектеген директорлор кеңешинин делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Жолугушууда Кыргызстан  менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы мындан аркы кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы делегация мүчөлөрүн жылуу кабыл алып, 2010-жылдын июнь окуяларынан кийин көрсөткөн колдоосу  үчүн ыраазычылык билдирди. “Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга ар дайым жардам берип келген жана жардам берип жатат. Биз сиздер менен 1994- жылдан бери иштешип жатабыз, ушул мезгилдин аралыгында 1 миллиард доллардан ашык суммага биргелешкен долбоорлор ишке ашырылды”. Өз кезегинде АӨБнын аткаруучу директору Кыргызстанды 2013-2017-жылдарга туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун маанисин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: