"Чоң Казат" кыймылынын чакырыктарына укуктук баа берүү боюнча экспертиза дайындалганы айтылды
Бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ирина Карамушкина "Чоң казат" кыймылы боюнча маселе көтөрдү.
Эл өкүлү аталган кыймылдын чакырыктары боюнча Ички иштер министрлигинен кандай аракеттер көрүлүп жатканын сурады.
Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев юридикалык баа берүү боюнча экспертиза дайындалганын айтты. Ал билдиргендей, кыймылдын чакырыктарында кылмыштын курамы барбы же жокпу аныкталат.
Аталган кыймыл айрым чиновниктер, саясатчылар күмөндүү жолдор менен байыган деп айыптап келгени социалдык тармактарда талкуу жаратып келет. Буга чейин дагы депутаттар бул тууралуу маселени көтөрүп келишкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
-2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.