super.kg logo

Жол чырактын кызылы күйгөнүнө карабай сүзгөн. Бишкекте патрулдук милициянын унаасы жол кырсыгына кабылды

 
"Бишкек сегодня" Telegram каналынан алынды.

Бишкекте патрулдук милициянын унаасы жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 20-майга караган түнү болжол менен саат 00:30 чамасында болгон. Анда Деу Нексия менен Рено Логан унаасы сүзүшкөн.

"1993-жылы туулган М.М. аттуу айдоочу Деу Нексия үлгүсүндөгү унаасы менен Гагарин көчөсү менен батышты көздөй бара жаткан. Садырбаев көчөсүнүн кесилишинен түштүктү көздөй бара жатып, 1996-жылы туулган жарандын башкаруусундагы Рено Логан үлгүсүндөгү унаа менен кагылышкан. Анда патрулдук милициянын унаасын Деу Нексия жол чырактын кызыл түсүнө карабай катуу ылдамдык менен келип сүзүп, унаа жол кырсыгына учураган.

Жол кырсыгынын натыйжасында, Дэу Нексия үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жана жанындагы жүргүнчүсү, Рено Логан автоунаасынын айдоочусу жана жанындагы 1987-жылы туулган И.М. аттуу кызматкер Бишкек шаарындагы №4 ооруканага жаткырылган. Текшерүү учурунда Деу Нексия үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу мас абалында болгондугу аныкталган. Азыркы учурда эки унаа тең айып короосуна токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталууда", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
20.05.2020. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эч тушунгон жокмун жазганынарга
20.05.2020. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ал жерден ГАИ өздөрү кызылдан өтүп жаткан экен, нексиядагы балдар жашылдан өтүп бара жатышыптыр деп таксисттер айтыштыго! Бул маалыматта тескерисинче нексия кызылдан өттү деп жазыптырсыңар!? Тактап көрсөңөр?!
20.05.2020. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баягы эле карапайым эл күнөлүү
21.05.2020. 08:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркекче тушунгон жокмун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: