Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Нарын облусуна иш сапары менен барды








Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Нарын облусунда иш сапары менен жүрөт. Иш сапардын максаты - региондогу кооптуу аймактарды текшерүү, алдын алуу иш-чараларынын жүрүшү менен таанышуу жана тиешелүү чечимдерди кабыл алуу.
Иш сапарга жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана ӨКМнын департаменттеринин башчылары катышат.
Министр Замирбек Аскаров Кочкор районунун кире беришиндеги санитардык-карантиндик пункт менен таанышты. Андан кийин министр Кочкор районундагы Теңдик айылына барды. Бул айылда 115 турак жай имараты жер астындагы суулардын деңгээли мезгилдүү көтөрүлүп кетүү коркунучуна дуушар болууда. Министр ошол замат жергиликтүү калк менен жолугушуп, жер астындагы суунун деңгээлин көтөрүү боюнча көйгөйлүү маселелерди угуп, коллектордук-дренаждык тутумдарды реконструкциялоо маселелерин талкуулады.
Нарын облусу боюнча калкты жана аймакты коргоо башкармалыгынын башчысы Дөөлөт Ибраевдин айтымында, гидрологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү керек, анткени айдоо жерлерин сугаруу учурунда турак жайлардын короолорун суу каптап кетүү коркунучу бар.
"Агындыларды тазалоо боюнча долбоорду даярдоо үчүн комиссиянын курамында бул аймакты көзөмөлдөп турушубуз керек. Мамлекеттик суу агенттиги жабдууларды бөлүп берсин, биз күйүүчү-майлоочу май бөлүп беребиз", - деди министр Замирбек Аскаров.

