super.kg logo

Ноокен базарында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, суу бойлоруна эскертүү тактайчалар орнотулду

 

Ноокен базарында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, суу бойлоруна эскертүү тактайчалар орнотулду.

Ноокен РИИБинин кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте коронавирус илдетинин алдын алуу максатында базар аралап, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Милиция кызматкерлери соодагерлерди санитардык нормаларды сактоого чакырышып, медициналык каражаттарды колдонуу керектигин эскертишти.

Ошондой эле бет кабы жок жүргөндөргө эскертүүлөр берилип, жергиликтүү тургундарды негизсиз көчөдө жүрбөй, зарыл жумуштары болбосо үйдө болууга үндөштү. Мындан сырткары жазгы эс алууларды болтурбоо, өспүрүмдөр арасындагы сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу багытында жумуштар жүргүзүлүп, каналдардын, чоң арыктардын кооптуу аймактарына эскертүү тактайчалар орнотулду.

Милиция кызматкерлери мектеп окуучуларын онлайн сабактарын окуу менен ар ким өз үйүндө болуусу керектигин эскертишти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: