Ош шаарында 64 объектинин ээлерине протокол түзүлүп, жалпы суммасы 130 миң 500 сом өлчөмүндөгү айып салынды
Бүгүн, 20-майда Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев онлайн маалымат жыйынын берди.
Жыйында республикалык штабдын чечими менен, уруксат берилип иштеп жаткан ишмердүүлүктөрдүн санитардык талаптарды аткаруусу боюнча рейддер жүрүп жатканы айтылды.
"65 кызматкерден турган 7 мобилдүү топ түзүлдү. Топ тарабынан 1 миң 31 объект текшерилди. Анын негизинде санитардык-карантиндик талаптарды аткарбаган 64 объектинин ээлерине протокол түзүлдү. Жыйынтыгында ишкерлерге жалпы суммасы 130 миң 500 сом өлчөмүндөгү айып салынды. Дагы 20га чукул объекти убактылуу ишин токтотту", - деди Саибжан Турдуев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.