"14 миңден ашык декларация Башкы прокуратурага баа берүү үчүн тапшырылды" дейт салык кызматынын башчысынын орун басары
14 миңден ашык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин декларациясы Башкы прокуратурага баа берүү үчүн тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттик салык кызматынын башчысынын орун басары Искендер Асылкулов билдирди.
Анын айтымында, 2018-2019-жылдары мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тарабынан 59 миң 18 декларация электрондук түрдө тапшырылды.
Жыйында “Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Мыйзам долбоору мүлктү жана кирешени мыйзамдуу экономикалык жүгүртүүгө тартуу, мүлктү жана кирешени ыктыярдуу түрдө декларациялоо процессинде катышуучу жактардын кол тийбестигине кепилдик берүү менен сырды сактоону бекитүү максатында иштелип чыккан.

