Казакстанда колдонулган автоунаа тетиктерин техникалык күбөлүгү жок сатууга тыюу салынат
Коңшу Казакстанда колдонулган автоунаалардын запастык бөлүктөрүн автоунаанын техникалык күбөлүгү жок сатууга тыюу салынат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн ички иштер министри Ерлан Тургумбаев парламенттин төмөнкү палатасынын пленардык жыйынында билдирген.
Тургумбаевдин айтымында, казак бийлиги эки жылдан бери автоунаалардын запастык бөлүктөрүн сатууну көзөмөлдөп келе жатат. 2019-жылдын июль айында өлкөдө запастык бөлүктөрдү "адистештирилген дүкөндөрдө" сатууга уруксат берген мыйзам кабыл алынган. 2020-жылы бийлик өкүлдөрү бул жаатта көзөмөлдөөнү күчөтөт.
Автоунаанын колдонулган тетигин сатуу учурунда анын ээси автоунаанын техникалык күбөлүгүн жана өздүгүн тастыктаган документти көрсөтүшү керек. "Башкача айтканда, рынокто колдонулган запастык бөлүктөрдүн кайсынысы сатылып жатканын жана ким сатып жатканын билебиз", - деп баса белгилеген Тургумбаев.
Министр белгилегендей, бул эрежени бузгандар административдик жоопкерчиликке тартылат.

