super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Нарын районунун Жерге-Тал айылынын тургундары Кумбел жайлоосу Кочкор районуна берилип кеткенин нааразы болуп, митингге чыгышты" дейт окурман

 

Нарын районунун Жерге-Тал айылынын тургундары митингге чыгышууда. Бул тууралуу "Элдик кабарга" окурман билдирди.

Маалыматка караганда, Жерге-Тал айылына тиешелүү Кумбел жайлоосун өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Кочкор районуна 10 жылга чейин берип салгандыгы чуу жаратууда.

"Жерге-Тал айыл аймагындагы эл ошол жайлоо аркылуу жан сактап келишет. Жай мезгилинде мал багып, жайлоону жайыт катары колдонушат. Учурда айыл тургундары жана аксакалдар Кумбел жайлоосуна кеткен жолду тосуп нааразычылык билдиришүүдө. Өкмөт мүчөлөрү бул нааразычылыкка көңүл бурбаса, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылабыз. Айыл жаштары жана чабандар өкмөттөн калыс чечим кылып Кумбел жайлоосун айылга кайрып берүүсүн суранышууда. Эгер Кумбел жайлоосун Кочкор районуна берилип кетсе, Жерге-Тал айылынын тургундары кайда жайлап, мал жанын кайда багаарын билбей жатат", - деп жазат окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
20.05.2020. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башы иштейби...
20.05.2020. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Андай жерлердин канчасы кытайга канчасы казака кетти бир райондон бир районго эч нерсе эмес го
21.05.2020. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jyna, эки район эмес бир айылдан экинчи айылдын жерине малың өтүп кетсе канча тополоң кылышат
20.05.2020. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башка райондун аймагына мал жайышат деп да акча алат. Мисалы Сулуктудо дагы жакын эле жерге уйларды айдайбыз, Кулунду айыл аймагына мал багасынар деп жылына акча топтоп кетишет.
21.05.2020. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Энеңди деп сөккүлө
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: