super.kg logo
  Саясат  

"Кыргызстан" фракциясынын лидери эки депутаттын мандатын тапшырышынын себебин айтты

 

"Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков эки депутаттын мандатын тапшырышынын себебин айтты. Бул тууралуу ал "Парламентаризм сабактары" берүүсүндө билдирди.

"Бул ар бир саясий күчтөрдүн ичиндеги процесстер. Алмазбек Эргешов Аксы районунда жакшы иштерди алып барды. Ал эмки шайлоого катышам, даярдык көрүшүм керек деди. Даярдык көрөм деп жатса "жок, сен Жогорку Кеңеште отурушуң керек" деп кармабайбыз да. Коомчулукта Шаршенбек Абдыкеримов келем деп, ал ордун бошотуп берди деген сөз болуп жатат. Жаныбек Исаев дагы шайлоого даярдык көрүшүм керек деп кетти", - дейт Баатырбеков.

Ошону менен катар эле фракция лидери парламенттик шайлоодо "Кыргызстан" партиясын Канат Исаев жетектеп бара турганын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: