super.kg logo

"Жат дегенде жатпасаңар, убактылуу кармоочу жайдан обсервация ачып коёбуз". Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кайрылуу жасады

 

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев обсервацияга жатуудан баш тартып, чыр чыгаргандарды убактылуу кармоочу жайынан изоляция зонасын ачып, ошол жакка киргизип коюу керек дейт. Бул тууралуу ал аксакалдарга карата видеокайрылуусунда айтты. Анда Мураталиев жарандарга кайрылып, үйүңөрдө отурганыңар бизге чоң жардам болот дейт.

"Биз силерден үйдө отурууну суранабыз. Күнү-түнү иштеп жүргөн акимдер, шаар мэри, укук коргоо кызматкерлери, дарыгерлер үйлөрүнө барбай иштеп жүрүшөт. Алар үйлөрүнө баруудан коркуп жатышат. Алардын үй-бүлөсү, жакындары, балдары жок бекен? Эмнеге коркунуч жаратып жатасыңар?

Кечээ "Манас" лицейинде ачылган обсервацияга барсак, дааваттан келгендер "эмнеге сүлгүсү жок келишим керек" дейт. Жат дегенде жатпасаңар, милициянын убактылуу кармоочу жайынан обсервация ачып коёбуз, ошол жакка жатасыңар анда. Ошондуктан ынтымакка келели.

Анан дагы WhatsApp аркылуу ар кандай провокацияга алдырган билдирүүлөрдү таратканды токтоткулачы. Республикалык штабдын чечими чыккан, ким провокацияга чакырык таштаган болсо ири көлөмдө айып пул төлөйт. Токтоткулачы! Үйүңөрдө болуп, эч ким менен байланышта болбой тургулачы. Урматтуу аксакалдар, апалар, балдарыңарга айткылачы.

Жакында абанын температурасы жогорулайт, вирустун жайылуусу басаңдайт. Илдет жок болсо биз сиздерге айтабыз", - дейт Мураталиев.

Ошондой эле өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү өзү жана анын орун басарлары дайыма вируска анализ тапшырышарын, эрежелерди сактай турганын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(5)
20.05.2020. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Болду болду корктум
20.05.2020. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Дерзко.. резко.. но по делу.. дегендей да
Ошондой эле кылыш керек. Обсервацияда тынч жата албаса ошеньиш керек!!!
20.05.2020. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Туура,туалетке да болсо жатабыз элибизге барсак деп атат эле. Эми бираз эмне болмок эле жатып турушса
20.05.2020. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыркы бутуп, кырк биринчиси калыптыр чыдап койгула туугандар
20.05.2020. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эн туура,губернатор азамат!Коркпой уркпой эле он беш кунго тыга туруш керек андайларды..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: