"Бош калган миң отургуч". Коронавирустан улам бизнеси токтоп калган ишкерлер акция уюштурушту
Париж, Франция


Париж, Франция

Париж, Франция

Дрезден, Германия

Дрезден, Германия
Парижде коронавирустан улам бизнеси артка кеткен ишкерлер "1000 бош отургуч" аталышындагы акция өткөрүштү. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазышты.
Акцияга кардарсыз калган ресторан, кафе, ашкана, барлардын ээлери жана кызматкерлер катышкан.
Мындай кадам менен ишкерлер чакан жана ири бизнеске байланыштуу экономикалык кырдаалга көңүл бурдурууну каалашкан. Карантин шартында аларга келген кардарлардын саны кескин азайган. Ушул сыяктуу акцияны Германиянын Дрезден шаарында дагы өткөрүшкөн. Анда Ноймаркт (Neumarkt) аянтына ресторан жана мейманканалардан алып келинген түстүү отургучтар тизилген. Эки шаардын тең ишкерлери пандемиянын кесепети калкты тейлөө тармагы үчүн ири каатчылыкка туш болгонун белгилешкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
001KG

21.05.2020. 03:28
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орус оюндагысын кылат дегендей, европалыктар деле орустан айырмасы жок оюндагысын кыла беришет!
Krai

21.05.2020. 10:25
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
001KG, биздикилер укпасын да кафе ресторан деген бизде көп эле
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.