super.kg logo

Бүгүн Оренбург-Бишкек каттамы боюнча чартердик рейс уюштурулду

 

20-майда өкмөт учурда Орусиянын Оренбург облусунун Бузулук районунда жүргөн жарандарыбыздын бир бөлүгүн Кыргыз өлкөсүнө кайтаруу үчүн Оренбург-Бишкек каттамы боюнча чартердик рейс уюштурду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал жактан мекенине балдар, аялдар, кош бойлуулар, ошондой эле улгайган курактагы жана ден соолугу начар жарандарыбыз алып келинет.

"Бул рейс Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын тышкы саясий мекемелеринин жана президент Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаевдин ортосундагы макулдашуудан кийин ишке ашырылууда.

Ошондой эле Оренбург облусундагы Кыргыз жарандарын чыгарып кетүү үчүн Казакстандын аймагынан транзиттик коридор уюштуруу маселеси иштелип чыкты. Аталган чартердик каттамдын артынан эле жарандарыбызды мекенине кайтаруу үчүн автобустардан колонна дагы уюштурулат", - деп айтылат маалыматта.

Кыргыз өлкөсүнө келери менен бардык жарандар бекитилген тартипке ылайык, обсервацияга жайгаштырылат.

Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги Кыргыз жарандарын сабырдуулукка, бири-бирин урматтоого, тартипке, кырдаалды туура түшүнүүгө жана жүргөн өлкөсүнүн эрежелерин, тартибин так сактоого чакырат.

"Чек ара расмий ачылмайынча, Орусия-Казакстан чек арасын көздөй барбоого суранабыз. Өзүӊүздүн, жакындарыӊыздын өмүрүн жана саламаттыгын коркунучка салбагыла. Сиздер жүргөн өлкөнүн бийликтерин өзгөчө чара көрүүгө аргасыз кылбай, эмоцияга алдырбай, шашылыш иш-аракеттерге барбастан, авиа жана жүргүнчү ташыган каттамдар кайра иштей баштаганга чейин коопсуз жайларда күтө туруӊуздар", - деп билдиришти аталган мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
20.05.2020. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Казакстан аркылуу машина менен жол ачып бере турган болсо Москвадан дагы барып кошулушат го дейм кетебиз деп.
20.05.2020. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мадумаровтун кайрулуусунан кийин болуп жаткан иш.
20.05.2020. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ошондой Мадумаровтун кайрылуусунан кийин болсо керек Сооронбай акени тыга койсо керекда ортого
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: