Тыюу салынганына карабай Бишкекте кофе ичүүчү жай иштеп жаткан (видео)
Бишкекте санитардык патруль тарабынан толук кандуу иштеп жаткан кофе ичүүчү жайдын ээсине протокол түзүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Мындан тышкары аталган жайда санитардык нормалардын талаптары аткарылбаганы аныкталган. Кафе, ашкана, ресторандарга тамак ташуу кызматын жүргүзгөнгө гана уруксат берилген. Натыйжада кафенин ээсине карата протокол түзүлдү", - деп жазылат маалыматта.
Маалым болгондой, санитардык жана карантиндик эрежелердин талаптарын бузгандарга экинчи категориядагы айып салынат. Ага ылайык, жеке жактар үчүн 3 миң сом, юридикалык жактар үчүн 13 миң сом өлчөмүндөгү айып салуу каралган. Мэриянын санитардык-экологиялык патрул кызматынын байланыш номурлары: 0(312) 65 81 59, 0 705 564 756.
Биринчи Май району: 0555 404 818;
Свердлов району: 0551 551 745;
Октябрь району: 0 500 210 470;
Ленин району: 0500 085 580.
Бишкекте кардарлар тейленип жаткан кафенин ээсине айып салынды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Kuba-savai87

21.05.2020. 08:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
3 мин айып пулду толоп, мен дагы иштете берем
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.