super.kg logo

Тажикстанда бир суткада 204 адам коронавирус жуктурганы аныкталды. Ооругандардын жалпы саны 2 миң 140ка жетти

 

Тажикстанда 20-майга карата 204 адам коронавирус жуктурганы аныкталып, ооругандардын саны 2 миң 140ка жетти. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлигине таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"20-май, кечки убакка карата Тажикстанда 204 адам коронавирус илдети менен катталып, ооругандардын жалпы саны 2 миң 140ка жетти. Бир суткада каза болгондор катталган жок", - деп билдирген министрликтен.

Басма сөз кызматынын берген маалыматына ылайык, өлкөдө 3 миң 532 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Акыркы суткада 595 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган.

Белгилей кетсек, коронавирус эпидемиясы катталгандан бери өлкөдө 41 адам каза болуп, көз жумгандардын саны боюнча Тажикстан Орто Азиядагы өлкөлөрдүн арасында биринчи орунга чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: