super.kg logo

Бразилияда чыңалган саясий абал коронавирустун кескин жайылышын шарттап жатат

 

Бразилияда COVID-19 инфекциясынан жабыркаган адамдардын саны кескин көбөйдү. 20-майга карата бул өлкөдө 260 миңден ашуун адам вирус жуктуруп алган. Бирок чыныгы статистика расмий маалыматтан алда канча көп болушу мүмкүн деп жазышат жергиликтүү басылмалар.

"Коронавирус жуктуруп алгандардын саны боюнча Бразилия АКШ жана Орусиядан кийинки эле үчүнчү орунга чыкты. Башка көп мамлекеттерге салыштырмалуу өлкөгө коронавирус кечирээк келген. Бирок учурда Бразилиядагы саясий кырдаал ансыз дагы оор болуп турган эпидемиологиялык абалды курчутуп жаткандыгын эксперттер билдиришүүдө. Себеби өлкө президенти Жаир Болсонару карантиндик чараларга каршы экенин айтып келет. Мындан улам президент менен район башчылары ортосунда пикир келишпестик жаралган.

Президент социалдык аралыкты кармоо боюнча сунуштарга дагы баш ийбешин билдирген. Атүгүл ал карантинди алуу боюнча демонстрацияга чыккан жарандар менен бирге катышкан. Өткөн аптада Бразилиянын саламаттыкты сактоо министри Нельсон Тейч келгенине бир ай боло элек жатып кызматын өз ыктыяры менен тапшырып кеткен. Анткени өлкө президенти министрлик берген алгоритмди аткарбастан фитнес-залдарды жана сулуулук салондорун ачуу боюнча буйрукка кол койгон. Мындай кадамы менен президент экономиканы сактап калуу аракетин көрүп жатканын айткан.

Саясатчылар менен чиновниктер талашып тартышуу менен алек болуп жатышат, ошол эле маалда калк арасында вирус жуктуруп алгандар чагылгандай тездик менен жүрүүдө, андан каза болгондордун саны дагы күн санап өсүп барат. Мисалы, акыркы статистикага таянсак Бразилияда 17 миңден ашуун адам коронавирустан улам көз жумган. Бразилия медициналык гана эмес саясий каатчылыктын босогосунда турат", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: