super.kg logo

Казакстандын Алматы шаарында өзгөчө абал учурунда таштанды эки эсеге көп чыгарылды

 

Казакстандын Алматы шаарында өзгөчө абал учурунда таштанды мурдагыга салыштырмалуу эки эсеге көбөйгөн. Мындай маалыматты шаарды жашылдандыруу башкармалыгы билдирди деп жазышат казак басылмалары.

"Өзгөчө абал учурунда тургундар мурдагыга салыштырмалуу эки эсе көп таштанды таштап, бул аралыкта тиешелүү кызматтар 75 миң тонна таштанды чыгарышкан. Мисалы, ушул жылдын январь, февраль айларында 23 миң тоннадан ашык таштандылар чыгарылса, апрелде 40 миң тоннадан ашкан.

Буга жарандардын үйдө отуруп калган жашоо шарты себеп болушу толук мүмкүн. Анткени алар үйдүн ичин тазалап, керексиз буюмдарын ыргытып, айрымдары оңдоп-түзөө иштерин жасаган. Таштанды салынган контейнерлердин ичинде тиричилик буюмдары көп кездешип жатты", - деген шаарды жашылдандыруу башкармалыгынан.

Казакстанда өзгөчө абал режими 16-мартта киргизилип, 11-майда токтотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: