super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Коррупция боюнча соттолгондорду, анын жакындарын, балдарын Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин шайлоосуна катышуу укугунан ажыратууну сунуштайм"

 

Депутат Тазабек Икрамов коррупция боюнча соттолгон жарандарды, анын жакындарын, балдарын Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин шайлоосуна катышуу укугунан ажыратууну сунуштай турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"2018-жылы коррупция менен шектелип сот жобуна тартылган, мамлекеттик мүлктү жеген экс-чиновниктин жакындары, балдары мамлекеттик кызматка алынбасын деген сунуш көтөргөм. Шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөр кирет. Мен ошол мыйзамга сунуш катары мамлекеттик мүлккө кол салган, коррупция менен шектелип соттолгон жарандардарды, анын жакындарын, балдарын Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин шайлоосуна катышуу укугунан ажыратуу сунушун киргизем. Тиешелүү комитеттерге кат жүзүндө жөнөттүм", - деди Икрамов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: