super.kg logo

"Күйөөсүнүн жылдыгын өткөрүүнүн ордуна жолду оңдоп берди". Ошто ыксыз чыгымдар кыскарып жатат

 

Учурдагы кырдаалды эске алып жана ыксыз ашыкча чыгымдарды кыскартуу максатында Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айыл аймагында жакшы жөрөлгө башталды. Анда айыл тургуну жолдошунун жылдыгынын ордуна айылдын жолун оңдоп берген. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.

"Аталган айыл аймактын тургуну, баатыр эне Айша Матаева эженин демилгеси менен күйөөсүнүн жылдыгын өткөрүүнүн ордуна Эрдик айылынын 4,5 чакырым жолун сүрдүрүп, шагыл төгүп, оңдоп беришкен. Башка жарандарга да үлгү болуучу бул демилгени Айша апа көтөргөнү менен куру намыска алдырышпай, соопчулук иштерди баштаган маркумдун балдарынын демилгесин алкагандар болууда", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев ЭлТР каналы аркылуу брифинг учурунда тургундарга "ыксыз чыгымдардан качып, аны ден соолугуңузду бекемдөөгө, балдарыңыздын келечегине сарптаңыздар" деп кайрылып, карантиндик талаптарды бузбоого чакырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(7)
21.05.2020. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Аллахым ыраазы болсун эң жакшы жөрөлгө. Негизинен ушинтип бей чеки чыгымдарды азайтып анын ордуна ушундай элге пайдалуу сооптуу иштерди жасасак эң туура болмок
21.05.2020. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жылдык, кырк, жетилик, үчүлүк, ак кийди, көк кийди деген нерселер Исламда жок, каяктагы ырым-жырым салттарды ойлоп таап жашообузду өзүбүз кыйындатып жашап жүрөберебиз да.
21.05.2020. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жакшы жумуш дечи,бирок мамлекет эмнеге ондобойт?? Айша апаны эле карап отурбайсын да омур бою?
21.05.2020. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бул дакшы иш го бирок Эми бирөө жарым өлүп калса да жылдык өткөрбөй эле жол оңдоп берсе экен жолго болүнгөн акча чөнтөкө калат элее деп отура беришет да биздин чоңдор килейип семирип.
21.05.2020. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде кадимкидей эле.

Кайненеме жылдык өткөрүшөт экен,бизге полный тамак ашка кетчүлөрүн которосунор деди кайнатам, биз өзү квартирада турабыз, быйыл фундамент салсакпы деп кыйналып турабыз,аны түшүнүшпөйт, кайнатам өзү ишинен 100 миң алды ишинен.
21.05.2020. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сооптун түбүндө калды буйруса
22.05.2020. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башкаларга да сабак болсун, куру намыс учун озу кыргыздар озубузду озубуз соруп бутобуз. Акыркы убакта адам олсо да тойго кеткендей эле чыгым кетет, же ошого жараша иш болсо бир жон, талаалап тапкан акчабыздын баары эле той менен олум житимден ашпайт. Бул ишти айрыкча жаштар колго алышыбыз керек урпактарга жеткирбей
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: