super.kg logo

Бишкектеги Онкология жана гемотология улуттук борборунун балдар бөлүмүндө 14 кишиден коронавирус аныкталды. Анын 8и балдар

 

Бишкектеги Онкология жана гемотология улуттук борборунун балдар бөлүмүнөн коронавирус менен ооругандар аныкталды. Маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 21-майда өткөн маалымат жыйында айтты.

"Улуттук борбордогу 120 жаран текшерүүгө алынып, анын ичинен 14үнөн инфекция аныкталды. Алардын бирөө дарыгер, экөө медайым, үчөө балдарын карап жаткан эне жана 8и балдар. Учурда илдет аныкталган балдар үчүн оорукананын жайынан обсервация дайындалды. Ал эми медициналык кызматкерлер республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасында дарыланат. Тиешелүү иш-чаралар аткарылды, бул окуя тыкыр көзөмөлгө алынды", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: