super.kg logo

Башкы прокурор Жамшитов прокуратура тармагында кандай кемчиликтер болуп жатканын айтты

 

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев прокуратура тармагында кандай кемчиликтер болду жана аларды болтурбоо боюнча кандай иш-чаралар каралганын сурады.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов жарандардан түшкөн арыз-даттануулар боюнча маселени чечүүдө кемчиликтер болуп жатканын айтты. "Кызматкерлерден өзүбүздөгү тартипти талап кылам. Арыз-даттанууларды чечкенге аракет кылып жатабыз. Бирок ошол деңгээлге ылайык, чечилбей келет. Эң көйгөйлүү маселелердин бири ушул деп ойлойм. Жарандарды кайрылуулары эки тараптуу экен. Бир тарабы чечилсе, экинчи тарабы калат. Ушуну жолго салсак ишеним пайда болот беле. Кайрылуулар күндөн күнгө көбөйүп жатат. Чындап бизге ишеним менен кайрылып жатабы же бардык органдардан түңүлүп келип кайрылып жатабы деген суроо бар. Көбүнчө бизге ишенип эмес, башка органдардын чечимдери менен макул болбогон үчүн кайрылып жатышат го деп ойлойм", - деди Жамшитов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: