super.kg logo

Орусияда маркумду акыркы сапарга узатууда 1 адам 155 адамга коронавирус жуктургандан кийин район башчысы кызматтан кетти

 

Орусиянын Адыгей Республикасынын Красногвардейск районунун башчысы Альберт Османов аталган райондогу маркумду акыркы сапарга узатууда 1 адам 155 адамга коронавирус инфекциясын жуктургандыгы аныкталгандан кийин мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетти. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 1-майда Красногвардейск районундагы Бжедугхабль айылында маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп, ага 500дөн ашык адам келген. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышкан бир адамдан коронавирус инфекциясы аныкталып, ооруканага жаткырылды. 20-майга чейин райондун 155 тургунунан коронавирус аныкталган.

Бул окуядан кийин аталган райондо коронавирустун алдын алуу үчүн калктуу кыймылдар чектелип, коомдук жайларды дезинфекциялоо башталды. Медициналык бет каптар жана кол каптар милдеттүү түрдө кийилет.

21-майга карата Орусиянын бул аймагында коронавирус инфекциясы 525 адамдан аныкталды. 8 адам каза болсо, 263 бейтап айыгып чыкты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: