super.kg logo

Мөөнөтү өткөн паспорттордун мөөнөтү убактылуу узартылды

 

2020-жылдын 1-январынан 30-декабрга чейин мөөнөтү өтүп кеткен паспорттордун жана чет элдик жарандардын, жарандыгы жок жактардын каттоо мөөнөтү убактылуу узартылды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын жарандарын, чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок жактардын мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо максатында, ошондой эле калктын саламаттыгын сактоо, республиканын аймагына коронавирус инфекциясынын жайылышын болтурбоо жана киргизилишин алдын алуу боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуу үчүн 2020-жылдын 19-майынан өкмөттүн №256 токтому менен төмөнкү документтердин жарактуу мөөнөтүн убактылуу узартууга уруксат берилди:

  • жарактуу мөөнөтү 2020-жылдын 1-январынан 30-декабрына чейинки мезгилде өтүп кеткен, 2004-жылкы үлгүдөгү Кыргыз жаранынын паспорту (эски үлгүдөгү ID-карта) жана чет жакта жүргөн жарандар үчүн 2006-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорт 2020-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу деп табылат;

  • Өлкө аймагында каттоо мөөнөтүн узартууну каалаган чет элдик жарандар жана жарандыгы жок жактар өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режимдери алынган күндөн тартып 10 иш күнүнүн ичинде каттоосун узартышы зарыл;

  • Билим берүү жана илим министрлигине бүтүрүүчүлөрдө ID-картасы жок болгон учурда орто (толук) билим берүү тууралуу күбөлүктөрүн жана аттестаттарын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрүнүн негизинде берүүнү камсыздоо боюнча чараларды кабыл алуу тапшырылды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын аймагында азыр дагы өзгөчө кырдаал режими жана айрым жерлерде карантиндик режим күчүндө турат. Буга байланыштуу COVID-19 вирусунун жайылуу тобокелчиликтерин минималдаштыруу жана калкты тейлөө борборлорунда, паспорттук бөлүмдөрдө адамдардын топтолушун болтурбоо максатында, жарактуу мөөнөтү өтүп кеткен паспортторду жана чет элдик жарандарды жана жарандыгы жок жактарды каттоону узартуу чечими кабыл алынды. Мында каттоонун мөөнөтү өтүп кеткендиги үчүн айыптар көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин чегерилбейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
21.05.2020. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы меники бүтүп калды эле
21.05.2020. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен өткөрүп коюп алалбай койдум такыр эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: