24-майда Орозо айт намазы аянтта жана мечиттерде окулбайт

24-майда Орозо айт намазы аянтта жана мечиттерде окулбайт. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучу бүтө электигин эске алуу менен элибиздин саламаттыгы жана коопсуздугу үчүн, илдеттин мындан ары күчөп кетүүсүнө жол бербөө максатында жума намазы убактылуу окулбай тургандай эле 24-майдагы Орозо айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт.
Ошондуктан, туура түшүнүү менен кабыл алып, берекелүү Орозо айт майрамын жалпыбыз үй-бүлөбүз менен үйлөрдө майрамдайбыз. 24-май күнү таңкы саат 07:00дөн 07:30га чейин КТРК телеканалынан Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин Орозо айтка карата куттуктоосу жана кайрылуусу болот", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Аллах таала Куранда айтат, (Акыйкатта кыйынчылык артынан жеңилдик келет) деп айткан, шарх сүрөсү 5-аят. Демек бул да болсо Алланын сыноосу, кыйынчылыктан соң сөзсүз жакшылык келет Инша Аллах.