Башкы прокурор: "Азиз Батукаевди экстрадициялоо маселесин 2021-жылы караса болот"
Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Башкы прокуратуранын отчёту каралып жатат.
Анда депутат Жыргалбек Турускулов кримтөбөл Азиз Батукаевди экстрадициялоо маселеси боюнча Кыргыз өлкөсү кандай жыйынтыкка жетишкенин сурады.
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов кайрылуу жөнөтүлгөнүн жана 2021-жылы Орусия тарап ишти кайрадан кароого даяр экендиктерин белгилешкенин маалымдады. "Буга Азиз Батукаевдин 2017-жылы төрт жылга соттолуп, учурда жазасын өтөп жаткандыгы себеп", - деди ал.
Башкы прокурор 2019-жылы камактагы 144 адам экстрадицияланганын маалымдап, алардын көпчүлүгү Орусия менен Казакстандан экенин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:07
2025-06-24
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

