super.kg logo
  Саясат  

"Акнет" боюнча иликтөө ишин Финансы полициясы алып барып, салыктарга тиешелүү 150 миллион сомдук зыян өндүрүлдү" деди башкы прокурор

 

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакирдин Субанбеков Бишкек ЖЭБи, Тарых музейи, ат майданы жана "Акнет" компаниясына тиешелүү маселелерди көтөрдү.

"Башкы прокуратура укук коргоо органдарынын иликтөө жана ыкчам-издөө ишмердүүлүгүн гана көзөмөлдөбөстөн, зыяндын ордун толуктоо жаатында да алгылыктуу иштерди аткарышы керек", - деди депутат.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов аталган кылмыш иштери боюнча 1 миллиард сом көлөмүндөгү мүлк камакка алынганын билдирди. “Тилекке каршы, иликтөө маалында зыяндын орду толтурулган жок. “Акнет” компаниясы боюнча иликтөө ишин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы алып барып, салыктарга тиешелүү 150 миллион сомдук зыян өндүрүлдү. Андан соң иш Ички иштер министрлигине өткөрүлүп, кошумча 716 миллион сомдук зыян аныкталды”, - деди башкы прокурор.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: