Башкы прокурор: "Мамлекеттик сатып алуулар боюнча 645 текшерүү иши жүргүзүлгөн"
Депутат Махабат Мавлянова мамлекеттик сатып алуу чөйрөсүндөгү мыйзамдар так аткарылбай жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Тендер өткөрүүдө мыйзам бузуу болгону боюнча кайрылуулар болду беле? Тендердик тандап алуу шарттары бузулуп жатат. Бул жаатта мыйзам бузуулар өтө көп. Башкы прокуратура ар бир мыйзамдын аткарылышын тыкыр көзөмөлдөп, катачылыктарды жоюшу керек”, - деди депутат.
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов мамлекеттик сатып алуулар боюнча 645 текшерүү жүргүзүлгөнүн айтты. Анын жыйынтыгында 1 838 мыйзам бузуу аныкталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.