Башкы прокуратуранын мурдагы кызматкери Арпачиевге мунапыс берилгени айтылды
Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Башкы прокуратуранын отчёту каралды. Анда депутат Айнуру Алтыбаева Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын мурдагы башчысы Кылычбек Арпачиевге карата "Коррупция" беренесин "Кызмат абалынан кыянат пайдаланган" деп өзгөртүп, мунапыс берилгенин айтты.
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Арпачиевге карата козголгон кылмыш иштеринин беренелери өзгөргөнүн белгиледи. "Сот башка беренеге өтүп, ошону менен чечим чыгарган. Мындан улам мунапыс колдонулган", - деди ал.
2015-жылдын 19-март күнү Коррупцияга каршы кызматына жеке ишкер кайрылган. Анда ал Башкы прокуратуранын кызматкери кылмыш ишин токтотуу үчүн 200 миң доллар талап кылып жатканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиев 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Ал 2016-жылы 14 жылга эркинен ажыратылган.


Миллиондогон акча менен колго тушкондор 4-5жылда мунапыс менен бошой беришет, ал эми 1тоок урдаган бечара сот чыгарган чечимди толук отоп жазасын алууда