super.kg logo
  Саясат  

Аскер прокурору жыштык сатуу боюнча коррупциялык иш боюнча 5 адам кармалганын айтты

 

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Башкы прокуратуранын отчёту каралды. Анда депутат Жанар Акаев Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктеги жыштык сатуудагы коррупциялык иш боюнча кандай иштер жүрүп жатканын сурады.

Аскер прокурору Нуркамал Набиев бул иш боюнча 5 адам кармалганын билдирди. Анын айтымында, өкмөттөгү айрым жогорку кызмат адамдары да сурак берип жатат. Азыркы учурда чыгымдар такталып жатканын кошумчалап, тергөөнүн купуялуулугу үчүн жагдайларды айта албай турганын белгиледи.

Кечээ, 20-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Жанар Акаев өкмөт башчы жыштык сатуудагы коррупцияга тиешеси жоктугун далилдеш керектигин айткан. Өкмөт Жанар Акаевдин билдирүүсү негизсиз экенин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: